Өмүр тегеренген сайын, өзүм кошо тегеренем. Таасирлер чоңойтуп, кээде кичирейтет дүйнөмдү. Бул жолку таасир дагы оңой болбоду. «Жылдыздуу жээк» поэзия фестивалы адабият айдыңындагы жаш муунга жаңы дем, кубат, сүрөөн, чоң чыгармачылык изденүүгө шыктандыруучу жаңы күч сыяктуу туюлат. Ар ким өзүн сынап, өз дүйнөсүнүн кереметтерин көрсөткүсү келет. Мен дагы катыштым. Сынактын 2-туру көл калаасында өтө тургандыгы баарынан көп кубантты, толкундантты. Жети дубандын жаш калемгерлери биригип, чыгармачылык аянтчада желпинип учаарыбыз андан көп толкундантты. Оттуу көздөр. Бирде тунук, бирде албуут, бирде алсыз, кирсиз, бирде баатыр. Ар биринин ичинде жашагансыдым. Сынакка катышкан ага-эжелеримдин амбициясы эле эмне деген баа!.. Эң кичинекей, дүйнөсү наристе, алгачкы жолу катышып жаткан катышуучу катары мага көп нерсе жаңы, жаңылык болду. Өзүмдү талдап, өмүрдү талдап, ыр дүйнөнү талдап, бир белгисиздик ичинде жүрдүм. Ыр-Дүйнө кандай сонунсуң! Аура, атмосфера – бир башкача… бир башкача таасир, жаңылануу… Уюштуруу иштери дагы мыкты. Купулга толот. Жаңы, аруу дүйнөнүн адамдары менен таанышып, баарлашып, дагы бир жаңы дүйнө жаралды. Кийинки жылы буюрса, эл аралык деңгээлде, түрк тектеш мамлекеттеринин арасында өтө тургандыгы дагы өзгөчө кубантты. Сонун жаңылык болду. Ак-карасы аралаш, ар түрдүү толкун каптап, көрктөп олтуруп, фестиваль да бүттү. Ар ким өз алдынча жыйынтык чыгарды. Мен дагы. Кудайым буюрса, кийинки фестиваль мындан да жогорку деңгээлде, мындан да таасирдүү, күчтүү, эң башкысы адилет, акыйкат болоруна ишенем… Чыныгы таланттар – чырак… Башкысы, адабият дүйнөсү дымып калбай, кыймылдап жаткандыгында… Чыныбай Турсунбеков атындагы фондго, уюштуруучу топко ыраазычылык билдирип, ийгиликтерди каалайм!..

Мурунку